«АЛА-ТОО» -- жүзүм сорту

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:19, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АЛА-ТОО» ‒ жүзүм сорту. 1962-жылы Кыргызстан дыйканчылык илим-изилдөө институтунун илимпоздору жүзүмдүн «катта-курган» жана «карабурну» сортторун чаӊдаштыруу жолу менен чыгарган. Түшүмдүү, гектарынан 300 цге чейин мөмө берет. Мөмөсүнүн канттуулугу 18,5%, кычкылдуулугу 3,8. Шиӊгилинин салмагы 350‒600 грамм. Мөмөсү даамдуу, жумшак, түсү саргыч, сулпу нык келип, жегиликтүү.