«АЛА-ТОО» -- жүзүм сорту

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 26 Июль (Теке) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АЛА-ТОО» ‒ жүзүм сорту. 1962-жылы Кыргызстан дыйканчылык илим-изилдөө институтунун илимпоздору жүзүмдүн «катта-курган» жана «карабурну» сортторун чаӊдаштыруу жолу менен чыгарган. Түшүмдүү, гектарынан 300 цге чейин мөмө берет. Мөмөсүнүн канттуулугу 18,5%, кычкылдуулугу 3,8. Шиӊгилинин салм. 350‒600 грамм. Мөмөсү даамдуу, жумшак, түсү саргыч, сулпу нык келип, жегиликтүү.