«АКБЕРМЕТ» поэмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:19, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АКБЕРМЕТ» – кыргыз элдик поэмалардын бири. Акбермет Карагул кызынын өмүр баяны жана анын чыгармалары жөнүндө маалымат берет. Аны алгач фольклор жыйноочу К. Миф­таков 1923‑жылы Талас өрөөнүндө элдик оозеки чыгармаларды жыйнап жүргөн учурда жолук­туруп, өмүр баянын, чыгармаларын жазып ал­ган. Акбермет Карагул кызы 1899‑жылы төрөлүп, балалыгы оор турмушта өтөт. Анын ырлары негизинен арман мотивинде айтылып, бакты­сыз балалыгы, чыркырап күйгөн жаштыгы, теңсиз турмушу образдуу көркөм сүрөттөлгөн.