«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ АНСАМБЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

Н. Түгөлов атн. – Кыргыз улуттук филар­мониясынын алдындагы бийчилер коллективи. 1939‑ж. Москвада өткөн кыргыз иск‑восунун 1­декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Хол­фин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюшту­рулган, бирок декададан кийин ал өз ишин ток­тоткон. 1957‑60‑ж. 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин ж. б. элдердин бийлери­нен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑ж. Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ан­самбль кайрадан уюштурулат. 1977‑83‑ж. ан­самблдин көркөм жетекчиси жана башкы балет­мейстери КРдин эл арт. К. Мадемилова, 1983­жылдан КРдин эл арт., балетмейстер М. Асыл­башев. 1988‑жылдан ансамбль азыркы аталыш­та, 1991‑ж. КРдин эл арт. Н. Тугөловдун

Файл:«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ46.png
Ансамбль «Сарөзөк баяны» бийин аткарууда.

ысымы берилген. Коллективдин концерттик про­граммаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Евро­па бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Та­маша», лирикалык «Аккуу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюи­тасы, «Сарыөзөнбаяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» ж. б. бий­лер туруктуу репертуарга айланды. Коллектив Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзия­да, Индияда ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон.