«АЙГҮЛ» фильми

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АЙГҮЛ» – кыргыздардын алгачкы толук мет­раждуу көркөм тасмаларынын бири. 1937‑жылы борбордук «Союздетфильм» киностудиясы тарабынан тартылган. Кыргыз аялдарынын кулчулуктан жана көз карандылыктан кутулуп, эркин жа­шоого баш койгондугун баяндайт. Сценарийи И. Вершининдики, режиссеру Ю. Васильчиков, оператору – Б. Монастырский, сүрөтчүсү – В. Пан­талеев, композитору – К. Корчмарев. Роль аткаргандар: Айгүл – Т. Зейферт, Мустафа – ­П. Гладжиев, Лу Си‑я – Н. Мучирин, Ороз – ­А. Боталиев, Ярматов – Т. Хожаев, Вовсенко – ­Б. Баратов, Саид – А. Ким.