«АВТОМАШРАДИАТОР"

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:57, 25 Июль (Теке) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОМАШРАДИАТОР ‒ жоопкерчилиги чектелген коом (2000). Бишкек шаарында жайгашкан. Ишкана КМШ мамлекеттеринде жана Борб. Азияда автомобилдик радиаторлорду жана автомобилдик жылыткыч радиаторлорду долбоорлоо жана жасап чыгаруу б-ча алдыӊкы орунда. Акыркы жылдарда ишкананын адистери жаӊы прогрессивдүү конструкцияларды ойлоп табышкан жана аккумуляторлорду өзгөчө инженердик чечилиштердин негизинде жасап чыгарышат.