«АВТОМАШ-ЭКОЛ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:55, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АВТОМАШ-ЭКОЛ» ‒ жабык акционердик коом (1997). «Кыргызавтомаш» акционердик коому менен «Уkol Akumulator Sanaii ve ticaret limited sirketi» Түркия фирмасынын ортосундагы макулдашылган келишимдин негизинде уюшулган. Автомобиль жана тракторлор үчүн коргошун-кислоталуу стартердин, аккумулятордун батареяларын жасап чыгарат. Жылдык кубаттуулугу 25 000 аккумулятор батареяларын жасап чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Эл аралык көргөзмө-ярмаркаларда ишкананын продукциясы бир нече жолу Алтын медаль менен сыйланган.