«АБРИСКИЛ» эпосу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АБРИСКИЛ» – абхаз элинин баатырдык эпосу. Эпосто Абрискил баатырдын өз элин сүйгөндүгү, теңдик жана бакыт үчүн күрөшү чагылдырылган. Кудайга тообо кылып сыйынбаганы үчүн Абрискилге Кудай периштелерин жиберип, аны чынжыр менен үңкүрдөгү темир мамыга байлатып койгондугу баяндалган. 19-кылымдын 70-жылдарынан тартып «Абрискилдин» түрдүү варианттары жазылып, орус тилинде жарыялана баштаган.