АК-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:23, 4 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ – 9–12‑кылымдарга таан­дык археологиялык эстелик. Чүй облусунун Москва районун­дагы Степинское айылынын түндүк тарабында, Ак-­Суунун жээгиндеги аянтчада жайгашкан. Ал ас­кер жана бийлик ордосу турган шаар болгон. Шаардын негизги бөлүгү Ак‑Суунун сол өйүзүндө жайгашып, 7500 м2 аянтты ээлейт. Сырткы дубалынын узундугу 15 км, бийиктиги 3–3,5 м, калыңдыгы 18–20 м. Дубалдын сырткы айланасы 10 м жазылыкта казылган аңгектер жана жал тосмолору менен бекемделген. Ак-Дөбө шаар калдыгынын борбордук бөлүгүнүн маданий катмарынын калыңдыгы 1,5 мди түзгөн. Ал жерде көптөгөн турак жайлар жай­гашкан. Темир бычак, жаа, жебе, көркөм кооздук буюмдарынын калдыктары табылган. А. Н. Бернштам, Н. П. Кожемяко тарабынан изилденген. 1974‑жылдан Казак мамлекеттик университетинин окумуштуусу У. X. Шалекенов казуу жүргүзүп, аны байыркы Баласагын шаары деген тыянакка келген.
М. И. Москалёв.