АБРАМОВ Алексей Фёдорович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:22, 11 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБРАМОВ Алексей Федорович [31 (башка кабарларда 13). 12. 1925, РСФСР (азыркы Россия Федерациясы), Оренбург губерниясы (азыркы Башкыртстан Республикасы), Стерлитамак уезди (азыркы Белебей району), Даниловка кыштагы – 12. 06. 2010, Россия Федерациясы, Липецк облусу, Задон району, Донское кыштагы] – Даңк орденинин толук кавалери.

1935-жылы үй-бүлөсү менен Кыргыз ССРинин Жалал-Абад облусундагы Көк-Жаңгак шаарына көчүп келген. 15. 09. 1943-жылы Сузак (Октябрь) районунун аскер комиссариаты тарабынан Советтик Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Смоленск, Ржев, Витебск шаарлары, Нарев плацдармы үчүн болгон уруштарга, Данциг менен Кёнигсбергди алууга катышкан. Согуш майданында көрсөткөн эрдиги үчүн А. Ф. Абрамов биринчи жолу (21. 02. 1945) 3- жана (05. 04. 1945) 2-даражадагы Даңк ордени ыйгарылган. Эльбага жакын аймакта салгылашуудагы А. Ф. Абрамовдун эр жүрөктүүлүгү жогору бааланып, ал 1-даражадагы Даңк орденине (27. 07. 1945) татыктуу болгон. Согуштан кийин Көк-Жаңгак шаарына кайтып келип, шахтёрлук кесибин кайра уланткан. Медалдар менен да сыйланган. 1992-жылы Россия Федерациясынын Липецк облусуна көчүп кетип, 2010-жылы Москва шаарындагы Жеңиш парадына катышкан.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.