АБДЫЛДАЕВ Мамбет

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:19, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДЫЛДАЕВ Мамбет (1929-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Мазар-Суу кыштагы) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1971). Мал чарбасынын устаты (1967). Эмгек жолун колхозчу болуудан баштап, 1954-жылдан «Токтогул» совхозунда койчу, 1960-жылдан баш чабан. 1986-жылдан ирилештирилген чабандык бригаданьн жетекчиси. Мал чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишкен. 1965-1967-жылы ар жүз тубар койдон 130-140 козу алып, чыгашасыз асыраган. 1966-1970-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты. Эки Ленин ордени менен сыйланган.