АБДРАШЕВ Акунжан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 12 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАШЕВ Акунжан Баказович (18. 10. 1955-жылы туулган, Ош (азыркы Жалал-Абад) облусу, Базар-Коргон району, Абдраимов айылы) – тарыхчы, саясат таануу илимдеринин доктору (2014), профессор (2016). 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1978–1986-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №1 атайын техникалык орто окуу жайында мугалим, директордун орун басары, 1986–1988-жылдары партиянын Жалал-Абад шааркомунда парткабинеттин башчысы, 1988–1994-жылдары Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунун директору, 1994–2000-жылдары Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 2000–2001-жылдары Жалал-Абад шаарында акимдин орун басары, 2001–2005-жылдары Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгынын башчысы, 2006–2011-жылдары КР Билим берүү министрлигинин статс-катчысы, 2011–2016-жылдары Жалал-Абад МУнун ректору, 2016-жылдан Жалал-Абад МУда гуманитардык илимдер жана философия кафедрасынын профессору. КР Билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери. КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү саясатын изилдеген адис. 80ден ашуун илимий макаланын, 3 илимий монографиянын автору.