АБДРАИМОВ Апсамат

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:50, 10 Март (Жалган куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАИМОВ Апсамат (1929-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району, Сарыпар кыштагы) – пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1947-жылдан Ош облусунун

Кара-Суу районундагы Киров атындагы колхоздун пахтачылык звеносунун башчысы. 1961-жылдан пахта өстүрүүчү механикалаштырылган комплекстүү бригаданын бригадири. Ал башкарган бригада 1964-жылы 110 га жердеги пахтанын ар гектарынан 34,5 цден, 1965-жылы 33,1 цден пахта жыйнап алган. 1963–1967-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин, 1966–1970-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.