ЖООН-ДӨБӨ (Айтматов районундагы кыштак)
ЖООН-ДӨБӨ – Талас облусунун Айтматов районундагы кыштак. Чолпонбай атындагы айыл аймагына караштуу. Тараз – Талас автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 895 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 3 км түштүк-батыш тарапта. Маймак темир жол бекетинен 13 км. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 2374 (2025); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, оорукана, кесиптик-техникалык окуу жайы, клуб, китепкана бар. Турмуш-тиричилик жактан кызмат көрсөтүү, соода түйүндөрү, почта бөлүмү, тамактануу жайлары иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакка жакын жерде 5–12-кылымдарга таандык шаар чалдыбарынын калдыгы сакталган.