БАРСКООН ШАРКЫРАТМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:16, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) (Begay moved page БАРСКОН ШАРКЫРАТМАСЫ to БАРСКООН ШАРКЫРАТМАСЫ) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКООН ШАРКЫРАТМАСЫ Ысык-Көл өрөөнүндө. Барскоон суусунун алабында. Барскоон өрөөнүнүн батыш капталынан агып түшкөн Шаркырак суусунун ортонку агымындагы карбон мезгилинин сланец тоо тегинен түзүлгөн тик кашаттан агып түшүп, диаметри 10–15 мге чейин фонтан сымал чачырайт. Айланасында карагай токою, чытырман бадалдар (четин, тал, ит мурун, шилби, сары жыгач жана башка), жапалак арча өсөт. Бийиктиги 24 м. Чоӊ шаркыратмадан 150 м төмөн, бийиктиги 12 м келген кашатта 2-шаркыратма пайда болгон. Барскоон шаркыратмасы – туристтер үчүн эс алуучу жай. Анда 1962-жылы дүйнөнүн туӊгуч космонавты Ю. А. Гагарин болгон.