БАРСКООН суусу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:00, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) (Begay moved page БАРСКОН суусу to БАРСКООН суусу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКООН – Жети-Өгүз районундагы суу. Узундугу 62 км, алабынын аянты 352 км2. Тескей Ала-Тоонун орто бөлүгүндөгү Сарала-Таш ашуусунан (бийиктиги 3684 м)

Барскоон суусунун ортоӊку агымы.

башталып, Ысык-Көлгө куят. Жалпы узундугу 100 кмге жеткен 49 куймасы бар. Ирилери: Дүӊгүрөмө, Шаркырак, Ат-Жайлоо, Жаӊы-Коргон, Кереге-Таш ж. б. Алабында жалпы аянты 0,48 км2 келген 9 көл, кооз шаркыратмалар бар. Алабынын жалпы аянтынын 10%ин мөӊгү ээлейт. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 4,07 м3/сек; эӊ көбү 55,8 м3/сек, эӊ азы 0,11 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Барскоон кыштагы жайгашкан.