БАРСКООН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Begay (талкуу | салымы) (Begay moved page БАРСКОН to БАРСКООН) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКООН – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кыштак. Барскоон айыл аймагына караштуу. Ысык-Көлдүн түштүгүндө, Барскоон суусунун оӊ өйүзүндө, Тескей Ала-Тоонун этегинде, деӊиз деӊгээлинен 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Суу кыштагынан 45 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 144 км 1911-жылы орношкон. Калкы 8927 (2025); дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-техникалык окуу жайы, медпункт, маданият үйү, китепкана, соода борборлору бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.