КОШ УРУКТАНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:50, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ УРУКТАНУУ – гүлдүү өсүмдүктөргө гана таандык жыныс процессинин бир түрү. Мында өсүмдүктөрдүн түйүлдүк кабындагы энелик клетка м-н борбордук ядро бир мезгилде уруктанат. 1898-ж. орус илимпозу Г. С. Навашин ачкан. Урук пайда болушу үчүн гүлдүү өсүмдүктөрдө кош уруктануу жүрөт. Чаңча түтүкчөсүндөгү эки спермий­дин бири энелик клетканы, экинчиси түйүлдүк кабынын борбордук ядросун уруктандырат. Уруктан­ган энелик клеткадан – түйүлдүк, ал эми борбордук ядродон азык тканы – эндосперм калыптанат. Уруктанууга катышкан клеткалардын ядроло­ру интерфаза абалында болот. Кош уруктануу урук бүчүр­дүн, уруктун калыптануусун тездетет, ошондой эле өсүм­дүктүн тукум куума касиети жакшырып, тири­чиликке, чөйрөгө ылайыкташуусу жогорулайт.