КАТАГАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:59, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТАГАН – байыркы түрк урууларынын бири. Катагандардын келип чыгышы, таралышы жөнүндө кеңири илимий изилдөөлөр жүрө элек. Оозеки сан­жыра (мисалы, катагандын хан Турсун) жана эпос­тордогу (катагандын хан Кошой) кээ бир маа­лыматтарга салыштырып, аларды кыргыз эли менен тектеш жана байыртадан бери кошуна жа­шап келген деп кароого болот. 20-кылымдын орто чендеринде С. Абрамзон катагандар негизинен аз сан­дуу болуп, Чыгыш Түркстандагы Кебез-Тоо, Муз- Бел, Чөп-Бел деген жерлерде чогуу турушканын, кыргыз тилинде сүйлөшөрүн жана каада-салты (ат чабыш, улак тартыш, эр эңиш ж. б.) да ок­шоштугун белгилеген. Катагандар алгачкы жолу Ра­шид ад-Диндин эмгегинде эскерилген. Азыркы учурда кыргыздардын ичиндеги чекир саяк уру­улар тобуна кирет, бирок байыркы катаган уруусу­нун калдыгы болуп саналбайт. Санжыра боюнча (Тоголок Молдонун санжырасы) Эшим хан катагандын ханы Турсунду чаап (бул окуя жөнүндө Абу-л-Гази хан да эскерген), анын кызын чекир саяк Түгөлбайдын уулу Маңгытка алып берген жана ал кыздан туулган Казыгул, Сүйөркул, Эсирке­миштин тукуму катаган деп аталат, башкача айтканда аларга жээн катары таанылат. Кыргызстандан тышкары Борбордук Ази­янын айрым республикаларында да кезигет.