КАЗАК ХАНДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:37, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗАК ХАНДЫГЫ (болжол менен 1456–1847) – казак элинин алгачкы мамлекеттик курамы. «Казак хандыгы» деген аталуу тарыхчылар тарабынан XX кылымдын акыркы чейрегинен баштап кабыл алына баштаган. Орто кылымдарга тиешелүү чыгыш жазма булактарында «Дешт-и Кыпчак» деген географиялык термин колдонулса, кийинчерээк «Казактардын (Казак) Улусу», «Жуучу Улусу», «Орус (1372–1374-жылдардагы Алтын Ордонун ханы) журту»; XV кылымдагы орус булактарында «Казат (Казацк, Казачья) Ордосу»; XVIII кылымда «Кыргыз (Киргиз)-Кайсак Ордосу»; XVI кылымдардагы моңгол булактарында «Тогмак», «Токмок» (Дешти-Кыпчактын моңголчо аталышы); европалык булактарда «Козакча Орда» («Kozaksche Orda», «Kassachy Horda», «Kasaki Orda», «Casatschia Orda») деген аталыштар менен да белгилүү болгон. XV– XVI кылымдардагы айрым чыгыш авторлору мурунку географиялык аймак боюнча «Дешт-и-Кыпчак», «Жуучу Улусу», ошондой эле жаңы хандыктарга байланыштырып «Өзбек (1313–1341-жылдардагы Алтын Ордонун ханы) Улусу», «Татар Улусу» ж.б. сыяктуу аталыштарды колдонушкан. Изилдөөчүлөрдүн ичинде Казак хандыгынын алгачкы калыптанышы тууралуу да бирдей көз караш жок. Казакстандык көпчүлүк тарыхчылар Мухаммед Хайдардын «Тарих-и Рашиди» деген эмгегине таянып 1465-жыл деп эсептешсе, айрым изилдөөчүлөр (мис., Т. И. Султанов, А. Ш. Кадырбаев, Ж. М. Сабитов) Абулкайыр хандын өлгөн жылына (1468) байланыштырышат. Алардын пикиринде 1465– 466-жылдарда Жаныбек хан (Чыңгыз хандын тукуму Ба­рак хандын уулу) бир тууганы Керей экөө Абул­кайыр хандан (көчмөн өзбектер) бөлүнүп, Могол­станга көчүп кетиши Казак хандыгынын түзүлүшүнө өбөлгө түзгөн. Эсен-Бука хан аларга Чүй өзөнү­нүн төмөн жагындагы Козу-Башы деген жерди берген. Абулхайр хан өлгөндөн кийин, анын улусу бириндеп, элинин көбү Жаныбек менен Ке­рейге келип, алар «өзбек-казактар» деп атала баштаган. Керей, Бурундук, өзгөчө Касым хан­дарынын (1503/11–1518) учурунда калкы 1 млн­го жеткен Казак хандыгы Дешт-и Кыпчакты кучагына ал­ган. Тахир хандын (1523–1533) тушунда казактар­дын саны азайган жана ал бир нече жолу кыр­гыздарга келип, баш калкалоого аргасыз бол­гон. Мухаммед Хайдар Дулатинин эмгегинде Буйдаш хандын тушунда казактар (20 миң ) азайып, ал өлгөндөн кийин Моголстанда казак калбаганын жазган. Акна­зар (1538–1580), Шыгай (1580–1582/86), Тобокел хан­дардын (1586–98) тушунда Казак хандыгы калыбына ке­лип, Эшим хандын (1598–1628/45) Турсунду (ка­таган ханы) жеңиши менен кайрадан күчүнө кир­ген. XVII кылымда көчмөндүү шартка ылайык Улуу, Орто жана Кичүү аталган үч жүзгө бөлүнүү жүргөн. 17–18-кылымдардагы Жуңгар хандыгынын чабуул­дарынан Казак хандыгы чыгыш, түштүк-чыгыш аймактары­нан ажыраган. Казак хандыгы 18-кылымдын аягы–19-кылымдын башында жүздөр өз алдынча дагы бир нече хандыктарга бөлүнгөн. Кенесары хандын өлүмүнөн (1847) кийин Казак хандыгы биротоло жоюлган.
Ад.: Вельяминов-Зернов В. В. Исследование о Касимовких царях и царевичах. СПб., 1864; Ахмедов Б. А. Государство кочевых узбеков. М., 1965; Левшин А. И. Описание киргиз-казачьих орд и степей. А., 1996; Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; Кляшторный С. Г., Султанов К. И. Казахстан: летопись трех тысячелетий. Алма-Ата, 1992; История Казахстана (с древнейших времен до наших дней). В пяти томах. А., 2000.