КУДАЯРОВ Дүйшө
КУДАЯРОВ Дүйшө (26. 4. 1939-ж. т., Ош обл., Кара-Суу р-ну) – медицина илимд. доктору (1981), проф. (1984). КР УИАнын академиги (2000). КР мамл. сыйл. лауреаты (1992). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери

(1995). КММИни бүтүргөн (1962). Кыргыз акушердик жана педиатрия ИИИде улук ил. кызматкер, бөлүм башчы, директордун орун басары жана 1992–2004-ж. дире к т ору , 1988-жылдан КММИде кафедра башчысы болуп иштеген. 2007-жылдан КР УИАнын вице-президенти. Педиатрия б-ча адис. Көптөгөн эл аралык педиатрлар коомунун жана ассоциацияларынын мүчөсү. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн педиатрлар ассоциациясынын 1-президенти (Түркияда шайланган). 220дан ашык ил. эмгеги, а. и., 13 монография, 36 окуу куралы жана методикалык колдонмо, 5 ойлоп табуусу бар. III даражадагы «Манас», Элдердин достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Физиологические особенности крови новорожденных детей. Ф., 1983; Принципы индивидуализации кортикостероидной терапии у детей. Ф., 1986; Гематологическая оценка адаптационных возможностей организма человека. Б., 1993; Внутритробные инфекции у новорожденных детей (окуу курал). Б., 1995.