КУДАЙБЕРДИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУДАЙБЕРДИЕВ Ташбек (8. 8. 1939-ж. т., Ош обл., Кара-Суу р-ну, Жоош айылы) – театр артисти, КРдин эл арт. (1997). Ташкенттеги А. Н. Островский атн. Театрдык ин-тту бүтүргөн (1963). 1963-ж. Кыргыз фи-

лармониясында, 1964-ж. М. Рыскулов атн. Нарын муз.-драма театрында, 1974- жылдан Барпы атн. Ош драма театрында иштеген. К. көрүүчүлөрдүн купулуна толгон түрдүү мүнөздөгү рол­дорду аткарган: Бобчин­ский (Н. Гоголь, «Текше­рүүчү»), Скалозуб (А. Гри­боедов, «Акылдан азап»), Атакан (Б. Жакиев, «Миң кыял»), Жарылгап (М. Ауэзов, «Каракөз»), Жанчархан, Чындык­бай, Түлкүбаев (Т. Абдумомунов, «Алдар көсө», «Ашырбай», «Тар капчыгай»), Киркирек (В. Виш­невский, «Оптимисттик трагедия») ж. б. кейип­керлердин образын чебер жараткан.