КУГУЛЬТИНОВ
КУГУЛЬТИ́НОВ Давид Никитич (13. 3. 1922, Калмакстан, Гахан-Абганара айылы – 17. 6. 2006, Элиста) – калмак совет акыны, Калмакстан эл акыны (1969). Москвадагы М. Горький атн. Ад-т ин-тун бүтүргөн (1960). Чыг-лыгы 1936- жылдан башталган. Алгачкы ырлар жыйнагы «Жаштык ырлары» деген ат менен 1940-ж. жарыкка чыккан. К. – «Сүйүү жана согуш» (1957), «Маобит туткуну» (1958), «Сар-Герел» (1963–64) ж. б. поэмалардын, «Турмуш жана ой жүгүртүү»

(1963–67), «Жылдар» (1939– 67), «Ситара Девинин бийи» (1969), «Жакын жана алыс» (1972), «Курак» (1973) ж. б. ыр циклдеринин автору. «Мен курбалыңмын» (1966) ыр жыйнагы үчүн М. Горький атн. РСФСР мамл. сыйл. (1967), «Апрель чакырыгы» деген ыр китеби үчүн СССР мамл. сыйл. (1976) алган. К. чыг-лыгын баштагандан эле өзүн романтик акын катары тааныткан. К-дун айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.