КУВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУВА́ , К у б а – Өзбекстандагы байыркы шаар­лардын бири. 1974-жылдан шаар статусуна ээ. Фергана обл-нда жайгашкан. Т. ж. бекети. 10- к-дан белгилүү. О. кылымдын калдыктары сак­талган. Археологдор 1958–59-ж. Будда комплек­син (7–8-к-га таандык) казышкан. Ал храмдар­ды жана чиркөөнү камтып, бир башкы фасадка биригишкен. Чиркөөнүн платформасында Буд­данын ири айкели орнотулган. Храм менен чир­көөнүн ичинде боёлгон чопо Будда айкелдери постаментте орнотулса, айкел композицияла­ры дубал оюктарында (нишада) жайгашкан. Эме­рек жасоочу ф-ка, консерва, пахта тазалоочу з-ддору иштейт.