КУБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:50, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУБ (гр. kebos, лат. cubus) – 1) грандары бири-­бирине барабар 6 квадраттан турган тик бурч­туу параллелопипед. Куб параллелопипеддин бар­дык кассиеттерине ээ. Кубдун өз ара перпендику­ляр 12 кыры, өз ара перпендикуляр 3төн кыры келип кошулган 8 чокусу бо­лот. Куб диагоналдары кесили­шип өткөн борбордук, 9 октук, 9 те­гиздиктик симметрияга ээ. Ка­рама-каршы жаткан грандары­нын борболору аркылуу өткөн түз сызык же бир гранда жат­паган карама-каршы эки кы­рынын ортолору аркылуу өткөн түз сызык кубдун симметрия огу болсо, каалаган эки сим­метрия огу аркылуу өткөн тегиздик кубдун сим­метрия тегиздиги болот. Кыры а болгон кубдун диагоналы a 3 , толук бети S =6а2, көлөмү V=a3деп табылат. Кубга ичтен сызылган сфера­нын радиусу r=a/2 болсо, ага сырттан сызыл­ган сферанын радиусу R= a 3 ге барабар. Куб кээде туура гексаэдр деп да аталат. 2) а санынын үчүнчү даражасы a.a.a=a3 ошол сандын кубу деп аталат.