КРУШНЕ-ГОРИ
КРУ́ШНЕ-ГО́РИ , К е н д ү ү т о о л о р (нем. Erzgebirge Krušne hory) Чех тоо массивинин түн.-батыш чет-жакасы, Германия менен Чехиянын чек арасы б-ча 150 кмге созулуп жатат. Бийикт. 1244 мге чейин. Негизинен кристаллдуу тоо тектерден, кумдук, конгломераттан турат. Кыр зонасы күдүрлүү, түш. капталы тик, түндүгү жантайыңкыраак (этегинен Саксония Швейцариясы орун алган). Аралаш токой, бийигирээк чым-көң, шалбаа ээлейт. Полиметалл кенташтары, күрөң көмүр кени, кайнар булактар, курорттор бар.