КРИТ ЖАЗУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИТ ЖАЗУУСУ , к р и т - м и к е н ж а з у у­с у – коло доорунда Грекиядан жана Крит аралы­нан табылган (б. з. ч. 3–2-миң жылдыктар) жа­зуунун бир түрү. К. ж-нун өнүгүшү үч этапка бөлүнөт: иероглифтик, А жана Б сызык жазуусу.

Иероглифтик түрү кандайдыр бир нерсенин (мис., адам жана айбанаттардын, өсүмдүктөрдүн ж. б.) сүрөттөлүшүн, ал эми А жана Б түрү атал­гандай эле сызык жазууну билдирет жана анын 100гө жакын белгилери бар. Жазуу солдон оңго жана оңдон солго карай жазылып, грек тили үчүн пайдаланылган. К. ж-нун негизинде кипр жа­зуусу пайда болгон. Жазуунун Б түрү пайдала­нылбай калган.