КРИСТАЛЛ ГИДРАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:59, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРИСТАЛЛ ГИДРАТТАР – курамында суунун молекуласы бар кристалл. Кээ бир туздар, кислоталар ж-а негиздер суу эритмелеринен кристаллдар түрүндө чөгөт. Жаратылышта көпчүлүк мине­ралдар – кристалл гидраттар. (мисалы, гипс СаSО4–2Н2О, карнал­лит МgCI2–КСl–6Н2О ж. б.). Кристалл гидратттарды ысытуу менен андагы кристаллдашкан сууну бөлүүгө болот. Кээ бир бирикмелер кристалл гидраттар түрүндө гана туруктуу (мисалы, ВеС2О4–Н2О), суусун бөлсө ажырап кетет.