КРИСТАЛЛДАР
КРИСТАЛЛДАР (гр. krestallos – муз) – атомдору же молекулалары иреттүү, мезгилдүү кристалл торчону түзгөн, табигый формасы туура көп грандыкка ээ катуу заттар. Тең салмактуу шартта өстүрүлгөн кристаллдардын атомдук түзүлүшү симметриялуу болгондуктан, анын тышкы формасы да симметриялуу, ошондой эле башка заттардан негизги айырмасы – ани-

зотропия касиетине ээ. Кристалл торчонун формасы боюнча кристаллдардын симметриясын жана сингония түрүн аныктоого болот. Кристалл – катуу нерселердин тең салмактуу абалы. Белгилүү температурада жана басымда кристалл абалындагы ар бир затка белгилүү атомдук структура туура келет. Криисталлдын структурасы сырткы

шарт өзгөргөндө
өзгөрүшү мүмкүн. Көпчүлүк табигый жана техникалык катуу материалдар поликристалл болуп эсептелет, алар баш аламан жайгашкан көптөгөн майда кристалл данчаларынан (кристаллиттерден) турат. Мисалы, тоотек, техникалык металлдар, металл куймалары. Ал эми түзүлүшү тийиштүү формадагы кристалл торчосундагы айрым заттын кристалы монокристалл деп аталат. Техникада жана илимий иштерде колдонулуучу түрдүү криисталлдар заводдордо жана лабораторияларда заттын суюк же көлкүлдөк эритиндисинен өстүрүлүп алынат (к. Кристаллдашуу). Кристаллдар табиятта салмагы жүздөгөн кгдан (мисалы, кварц, флюроит) эң майда өлчөмдө (миалы, алмаз) кезигет. Кристалл табигый татаал зат – белоктон, атүгүл вирустан да өстүрүлүүдө. Кристалл радиотехникада, жарым өткөргүчтүү квант электроникасында колдонулат.