КРИПТОН
КРИПТО́Н (лат. Kryptonum), Kr – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобунда орун алган химиялык элемент. Асыл газдарга кирет, атомдук номери 36, атомдук массасы 83,80. 1898-ж. англиялык химиктер У. Рамзай менен М.Траверс ачкан. Криптон түссүз, жытсыз газ.
Атмосферада 3.10–4% болот (көлөм боюнча). Криптон 6 изотоптун аралашмасынан турат: окистенүү даражасы +2. Криптондун молекуласы бир атомдон турат. Тыгыздыгы 3,745 г/л3, эрүү t – 157,1°С, кайноо t –153,2°С. Суюк абалындагы тыгыздыгы 2,472 г/см3, ал эми катуу абалында 3,100 г/см3. Катуу криптон кубдук кристаллдык торчону, суу жана органикалык заттар менен клатраттарды пайда кылат. Криптондун фтор (KrF2), фенол, хлороформ ж. б. менен бирикмелери алынган. К. өндүрүштө абадан алынат. 85Kr радиоактивдүү изотобун –-нурун алуучу булак катары медицинада, индикатор катары коррозияны изилдөөдө ж. б-да колдонулат. Андан сырткары криптон электр вакуум техникасында, ысытылып жарык берүүчү лампаларды, түстүү жарнама түтүктөрүн (ак түс) толтурууда да колдонулат. Кᒰриптон болоттон жасалган баллондо 5–10 МПа басым астында сакталат.