КРИЗ
КРИЗ (фр. krise – капыстан кармоо ) – оорунун капыстан катуу кармашы. Ал гипертония оорусу, климакс мезгилинде, аба ырайы кескин өзгөргөндө, диета бузулганда, мээнин кээ бир ооруларында, гипертониялык К. оорулуунун кан басымы өтө жогорулаганда болот. Анда баш катуу ооруп, айланат, уйку качат, оорулуу тердейт, жүрөгү тез кагып, ооруйт, кусат, алы кетет, көзү караңгылайт, кулагы убактылуу укпай калат, аба жетишпей демигет, кан басымы абдан төмөндөп, өңү бозорот. Мээде кан айлануу убактылуу бузулганда да К. болушу мүмкүн. Анда баш ооруп, айланат, кусат, кол же бут чымырайт, сүйлөө начарлайт. Вегетатив К-инде артерия кан басымы туруктуу болбой өзгөрүлүп турат. Жүрөк ооруп, дем кыстыгат, калчылдап тердейт. Кээде ич ооруп, көпкөндөй сезилет, кекирет, көңүл айланып, кусат. Анын белгилери байкалар замат врач чакыруу зарыл.