КРЕМНИЙ КОШ ОКСИДИ
КРЕ́МНИЙ КОШ ОКСИДИ , к р е м н е з ё м, к р е м н и й а н г и д р и д и, SiO2 –кремнийдин кычкылтек менен бирикмеси. Балкып эрүү t 11728°С, кайноо t 12590°С. Жаратылышта кварц, тридимит, кристобалит, китит, коусит минералдары түрүндө кездешет. Анын кристаллдык модификациясынын түрлөрү көп, кварц минералы ж. б. түрүндө жер кыртышынын массасынын 12%ин түзөт. Сууда, кислоталарда (плавик кислотасынан башка), органикалык эриткичтерде эрибейт. Щелочтордо жакшы эрийт. Фтор, фтордуу суутек менен реакцияга кирет. Суу буусунун атмосферасында кремний хлоридинин (SiCl4) буусун курамдык бөлүккө ажыратуудан (1100–1400°С ) аморфтуу кремнезём пайда болот. Ал радиотехникада, силикат өнөр жайында, айнек, фарфор, фаянс, карапа, силикат кыштарын, цемент ж. б. алууда колдонулат.