КРЕМЛЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРЕМЛЬ – байыркы орус шаарларынын муна­ралары бар чеп дубалдар менен курчалган борб. бөлүгү; коргонуу, сарай жана чиркөө курулмала­рынын комплекси. Орус жылнаамаларында 1331-жылдан белгилүү («Кремник»). К. 14-к-га чейин «детинец», 16–17-к-да «город», «град» деп аталган. К. көбүнчө дөңсөөгө, дарыя же көл жээ­гине салынган. Мунараларынын саны, алар­дын ортосундагы аралыктар жердин рельефине жана согушта коргонууга ыңгайлуулугуна бай­ланыштуу болгон. Адегенде дубалы жыгачтан жана топурактан, 11-к-дан таштан, кыштан кы­налып, көп учурда айланасы суу толтурулган аң менен курчалган. Биринчи К. Новгороддо (1044), кийин Эски Ладогада (1116), Псковдо (13-к.), Москва, Тула, Коломна, Астрахань ж. б. ш-да (16–17-к.) курулган. К-де негизинен падыша сарайы, боярлар жана чиркөө төбөлдөрүнүн үйлөрү жайгашып, коргонуу, о. эле парад өткөрүү милдетин аткарган. 18-к-дын 2-жарымы – 19- к-дын 1-чейрегинен согуштук-стратегиялык ма­анисин жоготу п, адм. борбор жана тарыхый көркөм ансамбль катары шаар комплексине

Москва Кремлинин Спас мунарасы. 1491.

кирип, Москва, Тула, Псков, Смоленск, Новго­род ж. б. ш-да сакталып калган.


Ад.: Кремли России / Отв. ред. Владимирская Н. С. М., 2003; Длужневская Г. В., Калинина В. А., Суббо­тин А. В. Кремли России XV–XVII вв. СПб., 2005.