КРЕКИНГ
КРЕ́КИНГ (англ. cracking – бөлүү) – нефтини ж-а анын оор фракцияларын жогорку температурарада кайрадан иштетүү процесси. Анда биринчи реакциясында С–С байланышы үзүлүп, Н, СН3, С2Н6 радикалдары ж-а алкендер алынат. Радикалдар баштапкы углеводороддун молекуласы м-н аракеттенип, Н2, СН4, С2Н6 пайда кылуу м-н бирге чынжырлуу реакция андан ары уланат. Крекингде дегидрирлөө, изомерлөө, полимерлөө ж-а конденсация процесстери да жүрөт. Процесстер термиялык ж-а катализдик болуп бөлүнөт. Реакцияда газдар, суюк углеводороддор ж-а кокс пайда болот. Гудрондон 500–600°Сде 60–70%ке чейин нефтинин жеңил продуктулары, 20%ке чейин кокс алынат. Нефтинин жеңил продуктуларын кайра иштетүүдө мотор отуну чыгат. Ал эми кокс болсо электроддорду даярдоодо колдонулат. 600–700°Сде нефтинин оор продуктуларынан 50%ке чейин этилен, пропилен ж-а ароматтык углеводороддор алынат. Бул заттар химиялык өнор жаййында баштапкы сырьё катары колдонулат. Катализдик крекингде катализатордун катышуусунда, нефтинин кээ бир фракцияларын абасыз шартта 450–520°Сде, 2–3 атмосфералык басымда ысытып бензин, дизель, керосин, газойль фракциялары алынат.