КРЕКИНГ
КРЕ́КИНГ (англ. cracking – бөлүү) – нефтини жана анын оор фракцияларын жогорку темп-рада кайрадан иштетүү процесси. Анда биринчи реакциясында С–С байланышы үзүлүп, Н, СН3, С2Н6 радикалдары жана алкендер алынат. Радикалдар баштапкы углеводороддун молекуласы менен аракеттенип, Н2, СН4, С2Н6 пайда кылуу менен бирге чынжырлуу реакция андан ары уланат. К-де дегидрирлөө, изомерлөө, полимерлөө жана конденсация процесстери да жүрөт. Процесстер термиялык жана катализдик болуп бөлүнөт. Реакцияда газдар, суюк углеводороддор жана кокс пайда болот. Гудрондон 500–600°Сде 60–70%ке чейин нефтинин жеңил продуктулары, 20%ке чейин кокс алынат. Нефтинин жеңил продуктуларын кайра иштетүүдө мотор отуну чыгат. Ал эми кокс болсо электроддорду даярдоодо колдонулат. 600–700°Сде нефтинин оор продуктуларынан 50%ке чейин этилен, пропилен жана ароматтык углеводороддор алынат. Бул заттар хим. ө. ж-нда баштапкы сырьё катары колдонулат. Катализдик К-де катализатордун катышуусунда, нефтинин кээ бир фракцияларын абасыз шартта 450–520°Сде, 2–3 атм. басымда ысытып бензин, дизель, керосин, газойль фракциялары алынат.