КРЕДИТ КАРТАСЫ
КРЕДИ́Т КАРТАСЫ – электрондук негизде эсеп жүргүзүү үчүн кредиттик уюмдарда (банк ж. б.) ээсинин атайын эсебин тастыктаган пластикалык карта түрү. К. к. ээсине тейлөө кызматтарын жана товарларды чекене соода түйүнүндө накталай эмес төлөм аркылуу алуу укугун тартуулайт. Картанын электрондук маалыматты алып жүрүшүнө карата магниттик (магнит сызыгы менен), чип же смарт карталары деп бөлүнөт. М а г н и т т и к п л а с т и к а л ы к К. к-нда эсепте канча акча каражаты каралганы ж-ндө

маалымат болбойт, болгону гана сатып алынуучу товарга же көрсөтүлгөн тейлөө кызматынын акысын жабуу үчүн кайсы банкка кайрылуу керек экендиги ж-ндөгү маалымат болот. Бул карта менен иш алып барганда кардардын төлөм мүмкүнчүлүгүн билүү үчүн процессинг борборуна же банкка кайрылуу зарыл. С м а р т к а р т а л а р маалыматты өзүнүн кичинекей процессорду элестеткен чибинде жана эсепте канча акча каражаты каралганы жөнүндө жашыруун маалыматты модулдарда сактайт. Бул карталар менен иш алып барганда банктар ж. б. кредиттик уюмдар менен байланышуунун кажети жок, болгону гана электрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен тийиштүү сумманы картадан алып салуу керек. О. эле револьвердик, аралаш К. к. кездешет. Кеңири таралгандары: «Виза», «Мастер кард», «Американ экспресс», «Евро-кард». Кырг-нда «Демир», «Халык», «Кыргызстан коммерциялык банкынын» ж. б. банктардын К. к-лары бар.
Э. Үсөнов.