КРАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРАН (нем. Кrаn), ж ү к к ө т ө р г ү ч – оор жүктү көтөрүп, бир аз аралыкка жылдырып, ордуна коюучу машина. Ө. ж. ишканаларынын цехинде, курулушта, транспортто ж. б. эл чар­ба тармактарында колдонулат. Ал негизги ку­рамдан (көпүрө, мунара, ферма, мачта, жебе ж. б.), башкы көтөрүүчү механизмден (лебедка, тельфер), багыттоочу жана таяныч элементтерден (аркан, чынжыр), күч орнотмосунан, электр жаб­дууларынан, жүк кармоочу түзүлүштөн турат.