КРАЙ ТААНУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КРАЙ ТААНУУ – жерг. элдин жардамы менен өлкөнүн, адм. же табигый аймактын бир бөлү­гүн, калк жашаган жерлердин табиятын, кал­кын, чарбасын, тарыхын жана мад-тын изилдөө. Ал тармактык (тарыхый, этногр., топонимия­лык ж. б.) жана комплекстүү геогр. (коом менен табият кубулуштарынын өз ара байланышта­рын изилдейт) деп бөлүнөт. К. т-нун негизги ык­масы – табигый үлгүлөр (геол., топурак, биол., зоол.) ж. б. б-ча аймак тууралуу маалымат топ­тоо жана аны иреттештирүү. Край таануучулар табигый аймактарды, тарыхый жана маданий эс­теликтерди табуу жана коргоо менен, жаратылыш байлыктарын изилдейт. Кырг-нда К. т. иштери музейлерде, мектептерде кеңири жүргүзүлөт.