КӨЧӨТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЧӨТ – уруктан өндүрүлүп, кийин туруктуу жерге көчүрүлүп отургузулуучу жаш жашылча жана дарак өсүмдүктөр. Мөмө дарак К-ү себилме өсүмдүккө кыйыштырылып алынат. Калемче да К-кө кирет. Ачык аянтка отургузулуучу жашыл­ча К-төрү парник же жылытылмада өстүрүлөт. Бадыраң, томат ж. б. жашылча К-төрүнө электр кубаты менен кошумча жарык берилет. Мындай учурда өсүмдүк 7–15 күн эрте мөмө байлап, түшүмдүүлүгү жогорулайт (мис., бадыраңдыкы 15–20% ке, томаттыкы 20–30%ке). Эрте жети­лүүчү ак жана түстүү капуста, бадыраң, томат, баклажан, калемпир К-төрү карапа идишке өс­түрүлүп, аларды жабуу үчүн ар кандай плёнка­лар (полиэтилен, поливинилхлорид ж. б.) кол­донулат. Плёнка менен жабылуучу жайларда К. өстүрүүдө темп-paга, абанын нымдуулугуна өзгө­чө көңүл буруу керек. Өсүмдүктү К-үнөн өстүрүү анын ачык аянттагы вегетация мөөнөтүн кыс­картат; вегетация мезгили узак, баалуу сортто­гу өсүмдүктөрдү жайы кыска аймактарда өстү­рүүгө, эрте түшүм алууга ж. б. мүмкүндүк берет. Жакшы К. өстүрүү үчүн топурактын таза болу­шу, илдет менен зыянкечтерге каршы дары чачуу, имараттын жакшы желдетилиши, абанын өтө нымдуу болушу зарыл.