«КЫРГЫЗСТАН» БАСМАСЫ
«КЫРГЫЗСТАН» БАСМАСЫ – Кыргызстандын мамлекеттик, коомдук-саясий, социалдык-экономикалык, өндүрүштүк-техникалык жана көркөм адабият басмасы. 1926-жылы. Кыргыз автоном областынын аткомунун чечими боюнча«Кыргызмамбас» (Кыргызстан мамлекетти басмасы) деген ат менен уюшулган, ошол жылы басма 65 миң нускада 26 китеп жана китепче чыгарган. Басмадан В. И. Лениндин төрт эмгеги кыргыз тилине которулуп чыгарылган.«Кыргызстан» басмасы адегенде Элге билим берүү министрлигинин областтык бөлүмүнө, кийин Кыргыз Эл агартуу комиссариатына, андан соң Кыргыз ССР ЭКСке баш ийген. 1945-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Полиграфия жана басма боюнча башкармалыгына, 1964-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Басма боюнча мамлекеттик комитетине, 1968 -жылдан Кыргыз ССР Маданият министрлигинин Полиграфия жана басма башкармалыгына, 1972 -жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин Мамбасмакомуна караган. 1964 -жылы. «Кыргызстан» басмасы аталган. 1926–75 -жылы 157,7 млн нускада 24 242 китеп жана китепче чыгарылган. Мындай көрсөткүч 1991-жылга чейин улам өсүп турган. Басманын 8 редакциясы: коомдук-саясий адабият, экономикалык адабияттар, илимий-популярдуу жана өндүрүштүк техникалык адабияттар, көркөм котормо, исккусство адабияттары жана заказ алуу редакциясы болгон.«Кыргызстан» басмасы Эл достугу ордени менен сыйланган. Кийин «Акыл» акционердик коомуна айланып, 2006-жылга чейин иштеген.