«КЫРГЫЗСТАН» АЯЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 20 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗСТАН» АЯЛДАРЫ – мурдагы Кыргызстан КП БКнын коомдук-саясий жана адабий-көркөм журналы. 1951-жылы уюштурулган. Адегенде эки айда бир жолу, ал эми 1956-жылдан баштап ай сайын чыгып келген. Милдети аялдардын коом­догу ордун жогорулатуу, аларды идеялык жактан тарбиялоо, өндүрүшкө тартуу, өлкөнүн саясий, социалдык-экономикалык маданий турмушуна катышууга үндөө болгон. Тиражы 1977-жылы 72 миң, 1985-жылы 78 миң нускага чейин жеткен. 1993-жылдан «Ала-Тоо айымдары» деген ат менен өз алдынча чыгып, ал эми 2004-жылдан чык­пай калган.