КОНУСТУК БЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:52, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНУСТУК БЕТконустун чокусу аркылуу өтүүчү ж-а берилген ийри сызыкты (багыттоочу) кесүүчү түз сызыктардын (түзүүчү) көптүгү. Эгер багыттоочусу айлана болуп, ал эми конустук беттин чокусу айлананын тегиздигинин борбору аркы­луу өтүүчү перпендикулярда жатса, анда конустук бет тегерек конус деп аталат; ал чокусунда биригүүчү эки тегиздиктен турат. Конустук бет – 2-тартиптеги беттердин бир түрү. 2-тартиптеги чыныгы конустук беттин канондук теңдемеси түрүндө жазылат. Эгерде а=b болсо, анда т е г е р е к а й л а н у у ч у конустук бет деп аталат. 2-тартиптеги жалган (мнимый) конустук беттин канондук тендемеси: