«КЫРГЫЗ ФИЛЬМ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page «КЫРГЫЗФИЛЬМ» to «КЫРГЫЗ ФИЛЬМ») тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗФИЛЬМ» Т. О к е е в а т ы н д а г ы – улуттук киностудия. 1939-жылы Фрунзеде кинохрониканын кабарчылык пункту катары уюшулган. 1941-жылы Фрунзе кинохроника студиясы аталып, 1951-жылы хроникалык-документалдык тасмалар киносту­диясына, 1956-жылы даректик жана көркөм тасмалар киностудиясына айланган (бир катар көркөм тасмалар «Мосфильм», «Ленфильм, «Ка­закфильм» киностудиялары менен биргеликте тар­тылган). 1957-жылы киностудиянын өнөр жай базасы кеңейтилип, айрым цехтер кайра конструкция­ланган. 1961-жылдан азыркы аталышында. 1974-жылдан «Көрөгөч» сатиралык киножурна­лы чыккан. 1977-жылы «Хроника» чыгармачылык бирикмеси түзүлгөн, анда мультфильмдердин техникалык өн­дүрүшү негизделген.

Студия бир жылда 3 көр­көм тасма, 1 телефильм, 16 хроникалык, даректүү, илимий-популярдык жана окуу тасмаларын чыгарган, 30га жакын тасманы кыргыз тили­не которгон (1985). 2002-жылы «Кыргыз фильм» студиясына Т. Океевдин ысмы ыйгарылган. 2004-жылы Улут­тук макам берилген. 1990–2010-жылдары жеке менчик студиялардын өнүгүшүнө жардам көр­сөткөн. Тасмалардын дээрлик бардыгы «Кыргыз фильмдин» техникалык базасында, анын катышуусу менен пайда болду. Толук метраждуу, кыска метраждуу, даректүү тасмалар, балдарга арналган «Аралаш» кино журналы тартылган. Ар кайсы жылдарда Т. Ибрагимов, С. Койчуманов, Б. Карагулов жетектеген. 2009-жылдан директордун мил­детин Т. Кулмендеев аткарат, к. Кыргыз ки­носу.