«КЫРГЫЗ ТЕЛЕФИЛЬМ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:33, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page «КЫРГЫЗТЕЛЕФИЛЬМ» to «КЫРГЫЗ ТЕЛЕФИЛЬМ») тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗ ТЕЛЕФИЛЬМ» – Кыргыз телерадио компаниясынын телетасмаларды чыгаруучу студиясы. 1969-жылы чы­гармачыл бирикме катары уюшулуп, 1973-жылы студияга айланган. Студия чыгарган алгачкы көркөм телетасма «Ак Мөөр» (режиссёру М. Убукеев), Кыргыз эл акыны А. Токомбаевге арналган «Күүнүн сыры» (автору У. Токомбаев), «Көз айнекчен» (режиссёру А. Видугирис; 47 өлкө сатып алган), «Сокур кемпир көрөгөч», «Той» (режиссёру А. Айтыкеев) аттуу тасмалар фестивалдардын байге, дипломдоруна татыган. Республикада «Ой-Арт», «Бегим», «Айтыш фильм» жана башка менчик студия­лар да иштейт. «Кыргыз телефильм» студиясынын туңгуч ди­ректору жана башкы редактору: К. Өмүркулов, кийин У. Токомбаев (башкы редактору) болгон. Студиянын директорлору: И. Усубакунов, Э. Са­рыбаев, К. Орозалиев, Г. Базаров, Т. Ибраги­мов, 2006-жылдан А. Жангазиев. (Сүрөтү жого­руда).

«Тыянак» телефильмин тартуу учуру. 2007.