КЫПЧАКОВ Жумабай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 14 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) (Lera moved page КЫПЧАКОВ to КЫПЧАКОВ Жумабай) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫПЧАКОВ Жумабай (11. 9. 1929-жылы туулган, Чүй облусу, Кант району, Алга айылы) – гобойчу, Кыргыз ССР эл арт.исти(1986). 1957-жылы Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музкалык окуу жайын бүткөн. 1944-жылдан Кыр­гыз мамлекеттик филармониясынын Кыргыз эл аспаптар оркестринде адегенде комуз черткен. Гобойду Ленинграддан эвакуацияланып келген гобойчу И. Ильясовдон үйрөнүп, кийин оркестрде гобой партиясын ойногон туңгуч музыкант. Кыргыз, орус жана дүйнөлүк көрүнүктүү композиторлордун (Моцарт, Гендель жана башкалар) гобой үчүн жазылган чыгармаларын чебер аткарат.

П. Шубин атындагы, М. Абдраев атындагы балдардын музыкалыкмектептеринде сабак берген.

Ж. Кыпчаков гобойдо ойноодо.

Оркестрдин курамында СССРдин шаарларында, Францияда, Италияда, Румынияда жана башкаларда гастролдо болгон. Медалдар менен сыйланган.