КЫЗЫЛ БАЛЫРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:02, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ БАЛЫРЛАР (Rhodophyta) – балырлар бөлүмү; түрдүү түстөгү бир ж-а көп клеткалуу организмдер. Хроматофорунда хлорофилл, каро­тин, ксантофилл, фикоэритрин, фикоциан сыяк­туу пигменттер болот. Бул пигменттерге жара­ша кызыл балырлар түрдүү түстө (ачык кызыл, кочкул кы­зыл, көгүш кызыл, саргыч кызыл, көк жашыл) кездешет. Кызыл балырлар жип сымал же топтошкон өсүн­дүлөр, бутакчалар, пластинкалар, кээде «сабакча», «жалбыракчалар» түрүндөгү талломдуу өсүмдүктөр. Негизинен океан, деңизде, аз санда тузсуз сууда жашайт. Көпчүлүк жөнөкөй түзү­лүштөгүлөрүнүн клеткалары

Кызыл балырлар: 1 – тарамдуу филлофора; 2 – пор­фира.

бир, татаал түзү­лүштөгүлөрүнүкү көп ядролуу болот. Бир клеткалуу ж-а колониялуу формаларында вегетациялык көбөйүүсү клеткаларынын бөлүнүүсү м-н жүрөт. Жыныссыз көбөйүү – моноспора, тетраспоралар, жыныстык көбөйүүсү оогамия аркылуу ишке ашат. Кызыл баларлардын 600дөн ашык уруусу, 4 миңге жакын түрү белгилүү. Кыргызстандын өзөн, сууларында кызыл балырлардын 5 түрү кездешет.