КЮРИ
КЮРИ́ Пьер (15. 5. 1859, Париж – 19. 4. 1906, ошол эле жер) – француз физик. Франция ИАнын мүчөсү (1905), Нобель сыйлыгынын (1903) лауреаты. Париж университетин бүтүрүп (1877), анда ассистент болуп иштеген. 1882–1904-ж. Парижде физика, химия мугалими, Париж университетинде профессор (1904). Негизги эмгектери кристаллдын физикасы, магнетизм ж-а радиоактивдүүлүккө арналган. Бир тууганы Поль Жан Кюри м-н бирге пьезоэлектр кубулушун ачкан ж-а изилдеген (1880). Кристаллдардын симметриясын (Кюри принциби)

ж-а жалпы эле физикадагы симметрия маселелерин (1894) изилдеген. Магниттик кубулуштарды изилдөө Кюриге парамагниттик заттардын магниттик кабылдоосунун абсолюттук температурага көз карандылыгын (Кюри закону) аныктаган ж-а ферромагниттик материалдар парамагниттикке айлануучу
(Кюри чекити) өзгөчө температураны аныктоого мүмкүндүк түздү. 1898-жылдан аялы М. Склодовская-Кюри м-н бирге радиоактивдүүлүктү изилдей баштаган. Алар полоний, радийди ачып, радийдин нурлануусунун татаал курамын ж-а бул нурдун таасиринен айнек м-н форфордун боёло тургандыгын аныктаган. 1903-ж. Кюри радий тузу өзүнөн өзү жылуулук чыгара турганын ачып, радиоактивдүүлүктүн биологиялык таасирин да изилдеген.
Ад.: Кюри М. П. Кюри. М., 1968.