КЫЯМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:20, 19 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЯМ – мөмө-жемиштерден шекер кошулуп даярдалуучу таттуу азык. Кыям кожогат, дан куу­рай, карагат, четин жана чычырканак ашы, алма, алмурут, өрүк, шабдалы, чие, гилас, коон, сабиз, кайналы, жүзүм, апельсин, мандарин жана башкалардан кайнатылат. Кыям кайнатыш үчүн алмурут, шаб­далы, өрүк, кожогат, кулпунай жана барсылдак­тын өтө быша элеги, ал эми кайналы менен чие­нин бышканы жакшы. Өтө бышкан мөмө-же­миштен күндөлүк желе турган гана кыям кайна­тылат. Кыям кайнатууну жалпысынан экиге бө­лүүгө болот: бир жолу кайнатуу жана кайталап кайнатуу. Б и р ж о л у кайнатууда мөмө-же­миштер даяр болгонго чейин тынымсыз кайна­тылат. К а й т а л а п кайнатууда мөмө-же­миштер бир нече жолу муздатылып, кайра кай­натылат. Кыям кайнатыла турган идиш жазы (жай­пак), бирок өтө чуңкур болбош керек. Кыям кон­серва заводдорунда дат баспаган атайын казандар­да, вакуум-аппараттарда, үйдө дат баспай тур­ган болот чарага (сыйымдуулугу 2–6 кг) кайна­тылат. Кыям кайнатууга толук муздатуу мезгилин кошкондо 1–5 күн кетет. Канттуулугу 65–70% кыям көпкө сакталат. Кандай гана мөмө-жемиш­терден даярдалбасын, кыямдын курамында 45– 55% мөмө-жемиштер (салмагы боюнча), 68–70%дан кем эмес кургак зат (рефрактометр боюнча), 66–72% углевод (сахароза, глюкоза, фруктоза), 0,01%дан кем эмес күкүрт кислотасы жана башкалар болот. Кыямда коргошун тузу болбошу керек. Кыям салыш­тырма нымдуулугу 75%дан ашпаган кургак жерде сакталат.