КЫЧЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:44, 21 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЧЫ (Barbarea) – өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукуму­нун капусталар уруусундагы бир же эки жыл­дык чөп. Уругунан май алуу үчүн өстүрүлөт. Ичке өзөк тамырлуу. Сабагы (бийиктиги 1 мдей) тик, бутактанып өсөт, боз чаңгыл кебер м-н капталган. Ылдыйкы жалбырактары сап­туу, жогоркулары сапсыз. Гүлү сары, жыттуу, узун чачык сымал. Мөмөсү саадак (узундугу 3–5 см),уругу майда, кара күрөң, тоголок. 1000 уругу­нун салмагы 1,5–3,2 г. Кычынын жаздык ж-а күздүк түрү бар. Жаздык кычынын уругунда 29–34%, күздүгүндө 45% май болот. Ал самын кайнатуу өнөр жайында, майлоочу майга кошунду катары пай­даланылат. Тазаланган майы тамак-ашка ко­шулат. Кадимки кычы – отоо чөп. Афганстан, Ин­дия, Иран, Кытай, Европада дан өсүмдүк ката­ры эгилет. Гектарынан 15–16 цден урук алы­нат. Зыянкечтери: жер бүргө, рапс шиш тум­шугу; кычы дат илдетине чалдыгат.