КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТАРЫХ МУЗЕЙИ – Борбордук Азиядагы ири музейдин бири; 1925-жылы 9-декабрда уюшулуп, Кыргыз автоном советтик социалисттик республикасы Советтеринин 1-уюштуруу съездине карата (5. 3. 1927) ачылган. Алгач М. В. Фрунзе туулуп өскөн үйдүн бир бөлмөсүнө жайгашкан. Музейдин туңгуч директору жана анын этнография бөлүмүн негиздөөчү С. М. Абрамзон болгон. 1930-жылдан этнография жана табият таануу боюнча коллекцияларды жыйнап-топтоо маселесине көңүл бурулуп, 1941-жылы А. Н. Бернштамдын жетекчилиги менен тарых-археологиялык бөлүмү түзүлгөн. С. Керимбаев, К. Үсөнбаев, К. И. Антипина, В. Я. Галицкий жана башка окумуштуу-тарыхчылардын демилгеси менен 1947-жылы музейдин социалисттик курулуш бөлүмү ачылган. Архитектор А. П. Зенковдун долбооруна ылайык 1967-жылы музей мурунку Кыргыз ССРинин Өкмөтү жайгашкан имаратка көчүрүлгөн. 1973-жылы 28-декабрда 3500 м2 аянтка (45 зал) Кыргыз Республикасынын жалпы тарыхына байланыштуу байыркы палеолит доорунан XX кылымдын 1980-жылдарына чейинки эстеликтер (10 000 түп нускада) коюлуп, илимий мазмуну жана көркөмдөлүшү боюнча бул экспозиция Борбордук Азия аймагындагы музейлердин эң мыктысы болуп таанылган. 1991-жылы В. И. Ленин атындагы Борбордук музейдин филиалынын жаңы имараты ыйгарылып, азыркы учурда музей фондусу 100 миңге жакын буюмга жетип, анын ичинде 48 миңи өтө маанилүү эстелик болуп эсептелет.

Саймалуу-Таштагы таш сүрөт көчүрмөсү; коло доору, сак маданиятына таандык курал-жарак, турмуш-тиричилик буюмдары; Чүй өрөөнүндөгү Шамшы көрүстөнүнөн табылган алтын буюмдар; байыркы көчмөндөрдүн полихром жасалгалары (биздин замандын I–V-кылымдары), Түрк кагандыгына таандык таш жазуулары жана башка археологиялык жана этнографиялык баалуу коллекция болуп саналат. Үркүнгө байланыштуу эстеликтер чогултулган. Ошондой эле кыргыз элинин салттык маданиятынын үлгүлөрү болгон саймалар; ала кийиз, шырдак, улуттук кийим-кече ат жабдык жана башкалар бар. Өзгөчө дата, юбилей жана башкаларга карата илимий конференция, көргөзмөлөр уюштурулат, илимий изилдөө иштери жүргүзүлөт. 1925–1933-жылдары Кыргызстандын Борбордук музейи, 1933–1943-жылдары Мамлекеттик край таануу музейи, 1943–1954-жылдары Улуттук маданият музейи, 1954-жылдан Мамлекеттик тарых музейи.
Ж. Медералиева.